Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мугалимдердин айлыгы дагы көбөйтүлөт

06.03.2020 09:49
1122
Мугалимдердин айлыгы дагы көбөйтүлөт


Өлкө аймактарындагы инновациялык мектептердин мугалимдери жаңы киргизилип жаткан аттестациялык система аркылуу билимдерин текшеришти.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.  Аны менен катар сыноодон өткөн мугалимдердин маяналары 2 миң сомго чейин көтөрүлүүдө.


Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, апробация өлкө аймактарындагы инновациялык 30 мектепте өткөрүлгөн. Анда аттестациялык комиссиялар мугалимдерди ачык-айкын жана комплекстүү түрдө баалап, анын натыйжасында 500дөн ашык мугалим аталган аттестациядан ийгиликтүү өткөн. Анын жыйынтыгы менен аларга жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар берилген.


Жаңы киргизилип, алгачкы жолу сыноодон өткөрүлгөн аттестациялоонун максаты — квалификациялык категорияларды ыйгаруу аркылуу педагогдордун чеберчилигин арттырып, кесиптик жана инсандык өсүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.


Ошондой эле аталган аттестациядан ийгиликтүү өткөн мугалимдерге квалификациялык категорияларына карата айлык акыларына кошумча акча чегерилген.  Тактап айтканда, эл агартуучулардын маянасына 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин кошулат. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айгүл
жакшы жаңылык экен Сооронбай Шариповичке рахмат