Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору кырсыктан каза болгон

04.10.2021 09:15
1047
Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору кырсыктан каза болгон


Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору жана сүрөтчүсү Ларс Вилкс Швециянын түштүгүндө болгон жол кырсыгында аны кайтарган эки полиция кызматкери менен бирге каза болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, кырсык жекшемби күнү түштөн кийин Маркарид шаарынын жанындагы E4 жолунда болгон. Сүрөтчү бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, эки унаа тең күйүп кеткен. Жергиликтүү полициянын өкүлү болгон окуя атайын жасалган аракеттердин натыйжасы болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарды.


Белгилей кетсек, Швециянын маалымат каражаттары Ларс Вилкс жөнүндө анын Мухаммед пайгамбардын карикатурасы 2007-жылдын жайынын аягында швед гезиттеринин бири Nerikes Allehanda тарабынан басылып чыккандан кийин жаза башташкан. Бул басылмадан кийин Ларс Вилкс ага коркутуулар келе баштаганда билдирип, ал полициянын коргоосунда болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн