Өмүрбек Бабановду күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп эч нерсе айта албайм, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов Бабановдун кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу боюнча "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип жатып.
Депутаттын айтымында, анын кылмыш иштери боюнча сот гана чечим чыгарат.
“Эгерде ал 100 млн сом төлөп берүү боюнча макулдашса демек, ал өзүнүн күнөөсүн сезгенби? Мага ушул маселе түшүнүксүз. Болбосо мамлекетке 100 млн сомду эмне үчүн төлөшү керек? Жөн гана чөнтөгүнөн чыгарып, пенсионерлерди же башка бир нерселерди колдоо үчүнбү? Же болбосо күнөөлүүмүн деп берип жатабы, эч түшүнө албайм”, - дейт депутат.
Анын пикиринде, Раимбек Матраимовдун тегерегиндеги кырдаал дал ушуга окшош. Аны күнөөлүү деп табышты, 2 млрд сомду төлөтө турган болду. Өмүрбек Токтогулович 2 млн сом которо турган болсо, демек күнөөсү бар.
“Муну коррупцияга каршы күрөшүү деп айта албайт элем. Мыйзам боюнча тоок уурдаган адам да кылмышкер болуп саналат. Бүгүн уурдап, эртеси акча берип кутулуп чыга берсе болбойт. Уурулардын орду түрмөдө болуш керек. Чынын айтканда азыркы саясат мана түшүнүксүз”, - дейт Мухтарбек Айнакулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн