Бугай чейин бир айда 5-6 адам жерге берилчү, бул айда
көбөйүп кетти. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек
берип жатып Сокулук районундагы мүрзөлөрдүн биринин кароолчусу Нарзилла
Карабаков билдирди.
“Кечээ эки адамды койдук, бүгүн эрте менен эле бир кишини койдук. Ар бир айда көп болгондо 6-7 кишиге чейин жерге берилчү. Бүгүн алтысына карата 5 адам коюлду. Биздин мүрзөгө жергиликтүү тургундар гана коюлат. Бул көрсөткүчтөр шаардагы көрүстөндөрдө көп болсо керек”, - деди Карабаков.
Белгилей кетсек, бир сутка ичинде коронавирустан 4, пневмониядан 18 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн