Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:31
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Мурдагы Юстиция министри Жаманкулов жаңы кызматка дайындалды

03.04.2023 10:54
241
Мурдагы Юстиция министри Жаманкулов жаңы кызматка дайындалды

Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын туруктуу катчылыгынын башкы катчысынын изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча орун басары болуп шайланды.


Бул чечим Кыргызстандын Конституциялык сотунун АКСАны өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча АКСАнын Катчылыгы тарабынан кабыл алынды.


Ассоциация 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын аймактык форуму катары түзүлгөн, анын негизги максаты Азияда демократиянын, укуктун үстөмдүгүнүн жана адамдын негизги укуктарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстан 2015-жылы мүчө болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн