Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сот иштен алынат

13.10.2023 12:35
366
Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сот иштен алынат

Соттордун кеңеши мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сотту иштен алуу сунушун канааттандырды.

Буга чейин Жогорку сот Соттордун кеңешине ажырашкан аялынын кулак-мурдун кесип салган эркек кишини ага чейин зордуктап кордогону үчүн пробациялык мөөнөт менен бошотуп койгон сотту иштен алуу боюнча сунуш жөнөткөн. Сотторду тандоо кеңеши бул сунушту канааттандырып, тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн. Зөөкүргө пробациялык мөөнөт берген сот Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токмаматов экени белгилүү болду.

Соттор кеңеши Ош, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынан дагы беш судья боюнча сунуштарды караган. Документтер президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, 20-сентябрь күнү эркек киши мурдагы аялынын үйүнө кирип барып кулак-мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, шектүү камакка алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн