Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган киши зордуктоо иши боюнча 8 жылга соттолду

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган киши зордуктоо иши боюнча 8 жылга соттолду


Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган киши зордуктоо иши боюнча 8 жылга соттолгонун Жогорку Соттон билдирди.


Өткөн жылдын сентябрь айында Асел зордукталганы боюнча арыз жазган. Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызы жана тараптардын элдешүүсүнөн улам ишти токтоткон.


Январда Асел кайра зордукталган. Сот анын мурдагы жолдошун күнөөлүү деп таап, бирок эркиндикте калтырган. Тагыраагы, үч жылга пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарган. Сот кылмышкердин майып энеси жана жабырлануучу аял экөөнүн ортосунда эки баласы бар экенин эске алган.


Кечээ, 27-сентябрда, Чүй облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, ал кишини 8 жылга соттоду. Жогорку Сот зөөкүргө пробация өкүмүн чыгарган соттун аракетине юридикалык баа берилерин убадалады.


Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында эркек киши ажырашкан аялынын үйүнө кирип, бетин тилип, кулагын, мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, эркек киши камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн