Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
«2023-жылдын 19-декабрында сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын мөөнөтү тергөө аяктаганга чейин узартылган. 2024-жылдын 23-февралына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жаныбек Бакчиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айыпталууда
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн