Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду

09.02.2021 17:43
1007
Мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду


“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын мурунку төрагасы Э.Чукуевге карата козголгон иш боюнча сотко чейинки процесстин алкагында, ошондой эле Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов  жана “Манас” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда Эл аралык аэропорт, түркиялык "Gata havayollari ve tasimacilik" компаниясына жана эл аралык аэропорттун айрым кызмат адамдарына чет элдик компанияга эл аралык транспортто мыйзамсыз артыкчылыктарды берүүдөн пайдаланыш үчүн кызмат абалы аркылуу жардам көрсөткөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Буга байланыштуу 2021-жылдын 8-февралында тергөө органдары Албек Ибраимовго карата сыртынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагышкан. Учурда ал изделүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн