Бишкек шаардык сотунда мамлекеттин бюджетине чыгым келтирген деп айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда болгон сот отурумунда Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовду сурамжылоо бүтүп, иштин материалдарын изилдɵɵ аяктаган.
Иш убактысы бүтүп калганына байланыштуу отурум 10-июнга саат 10:00дө улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн