Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мурдагы мэрлердин соту. Айыптоочулар Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди

24.06.2020 12:43
1020
Мурдагы мэрлердин соту. Айыптоочулар Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди


Бишкек шаардык сотунда мамлекеттин бюджетине чыгым келтирген деп айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдон кылмыш иши каралууда.


Отурумда тараптардын жарыш сөзү уланууда. Айыптоочу тарап мурдагы мэр Албек Ибраимовду  20 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискацияга алып, мамлекеттик кызматтарда иштөөгө 3 жылга тыюу салуу өтүнүчүн келтирген.

Борбор каланын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 20 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискацияга алып жана сот залынан камака алууну суранган.


Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов Кытайдын гранты менен Бишкекте эки миллион долларга салынган мектептин 94 миллион 800 миң сомдон ашык акчасын жеп койгон деп айыпталууда.


Албек Ибраимов мэр болуп турган жылдары Бишкектеги жерди мыйзамсыз бөлүүгө,  "Дастан" заводуна жетекчилик кылып турган жылдары мамлекеттин бюджетине чыгым келтиргени үчүн жана Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионатты мыйзамсыз саткан деп айыпталып жатат.


Буга чейин Ленин райондук соту Албек Ибраимовду күнөөлү деп таап 15 жылга эркинен ажыраткан. Кубанычбек Кулматов мамлекетке 5 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн