12-мартта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана бир нече адамдын ортосундагы мушташтын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Депутат тарабынан токмоктолгон жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
"Кактус.медиага" оорулуунун абалы тууралуу маалымат беришкен.
Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин ресторандын күзөтчүсүнүн мурдунун сөөгү сынганы, баш мээсинин чайкалганы аныкталган.
Жабырлануучунун абалы туруктуу жана дарылоо уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн