Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 20:25
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Мурунку мэр Мелис Мырзакматов Ошко кайтып келди

07.10.2020 09:21
901
Мурунку мэр Мелис Мырзакматов Ошко кайтып келди


Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Ош шаарына учуп келди. Ал башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылып, сөз сүйлөдү.


Ал Кыргызстан "азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыкдар күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек" деди.


Ошондой эле 4-октябрда болгон парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө басым жасап, кыргыз парламентине татыктуу гана адамдар шайланышы керектигин айтты. Ал өз убагында шаарга коно албай, үч жарым саат элди күттүрүп койгону үчүн кечирим сурады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн