Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мюллердин кеңири доклады жарыяланат

13.06.2020 17:32
621
Мюллердин кеңири доклады жарыяланат


Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлиги 19-июнда Россиянын 2016-жылы АКШда президенттик шайлоого кийлигишүүсү жөнүндө атайын прокурор Роберт Мюллердин докладын кеңири версияда жарыялайт деп билдирди Bloomberg агенттиги. Министрлик бул тууралуу борбор калаанын Колумбия округдук федералдык сотун кабардар кылды деп айтылат агенттиктин маалыматында.


Жарыялануучу материалдарда АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Роджер Стоундун ролу жөнүндө көп маалыматтар баяндалат. Ал үстүбүздөгү жылдын февралында жалган маалымат бергендиги, Конгресстин иликтөөлөрүнө тоскоол жасоо аракети жана күбөнү опузалап коркуткандыгы үчүн 3 жыл 4 айлык мөөнөткө эркинен ажыратылган.


Эске салсак, 2016-жылдагы президенттик шайлоолорго Россиянын болжолдуу кийлигишүүсун иликтөө 2017-жылдын май айында башталган, жана ишти атайын прокурор Роберт Мюллер көзөмөлүнө алган. 2019-жылы тергөө Россиянын өкүлдөрү тарабынан шайлоолорго көп сандаган кийлигишүү аракеттери болгон деп жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн