НАТО Украинга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жиберсе Россия менен түздөн-түз согушка жол ачат. Мындай пикирин Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин орус басылмалары жазды.
Анын айтымында, АКШ Украинга курал жеткирип операциянын мөөнөтүн атайын узартууну көздөп жатат.
"Украина менен болгон сүйлөшүүлөр абдан татаал болууда. Анткени Киев ар дайым позициясын алмаштырууда.
Россия Украиндагы кырдаалды Батыш өлкөлөрү менен чечүүгө даяр бирок өзүбүздүн так максатыбыз бар",- деди Лавров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн