Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев журналист Майраш Базлакунованын Ютуб каналына берген мегинде президент Садыр Жапаров менен болгон азыркы мамилеси тууралуу айткан.
“Эл Садыр Нургожоевич менен кандай болсо, мен деле ошондой элемин. Жакын эмесмин, жаман эмесмин. Бүгүнкү күндө телефонун билбеймин. Шайлоо үгүтүнө да катышкан жокмун. Элге окшоп жанталашып чуркап, кызмат суранбадым, тыйын-тыпыр да берген жокмун. Шайлоодо ошол кишиге добуш бердим. Кирсем Роза Отунбаева бар экен. Караңгыда көрсөтүп туруп салып койдум”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн