14-июнь күнү Аксы районунун Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигиттин сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Өзбекстадын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылган. Экспертизалардын жыйынтыгы менен ал Кум айылында 14-июнь күнү Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигит экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн