Нарында куткаруучулар асма көпүрөдөн түшүп кеткен жарандын сөөгүн суудан чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын районунун Ак-Булуң айылында Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп баратып эркек адам сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Нарын райондук №16 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда маркумдун өздүгү такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн