Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Нарын облусунда вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

21.12.2023 09:18
691
Нарын облусунда вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады


Нарын районунун ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна караштуу Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиология бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

Белгиленгендей, жаңы кампа имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле эмдөө үчүн “муздак чынжыр” сактоо талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Долбоордун максаты - КР өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн