Курманбек Кудайбергенов Нарын районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-август күнү Курманбек Кудайбергеновду эмгек жамаатка тааныштырылган.
Кудайбергенов буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратында уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Ал эми Нарын районунун мурдагы акими Семетей Черикбаев өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн