Нарында 29-июндан бери 80 жаштагы карыянын дайыны белгисиз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Кийими Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө 15 куткаруучу, төрт милиционер тартылган.
Убактылуу токтотулган издөө аракети бүгүн 4-июлда да улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн