Нарында “Honda Stepwagon” толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
21 сентябрь күнү Ак-Талаа району, Т. Молдо а/а, Кара-Ой айылы, Т. Молдо көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы туралуу ӨКМге маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө №47 ӨКБдан, бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, саат 17:00 өрт чектөгөө алып, саат 17:08 толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен “Honda Stepwagon” үлгүсүндөгү унаа толук күйүп жана жакын жайгашкан бак күйгөн.
Өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн