Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:04
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Нарында атышуу болду

Нарында атышуу болду


Кечээ, 24-ноябрда саат кечке маал Нарын шаарында ок атылды. Андан бир адам жаракат алганын облустук ички иштер бөлүмү тастыктады. Окуя Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан «Корона» ресторанынын жанында орун алган.


Бул окуя Нарын ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Маалым болгондой, Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну К.А. менен 1999-жылы туулган тургуну Т.Э. экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, Т.Э. белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу ок аткан. Ал ок Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну М.Д.нын (көчөдө турган) оң бутуна тийген. Т.Э. куралды кайра К.А.га багыттап, ок чыгарганы жатканда К.А. анын колунан кармап, тоскоолдук кылган. Ошол учурда куралдан ок чыгып, К.А.нын курткасын тешип кеткен. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн