Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 13:28:22
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

Нарында бензин кымбаттап, жол кире көтөрүлдү

11.03.2021 09:39
995
Нарында бензин кымбаттап, жол кире көтөрүлдү

Бензиндин баасы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жеке менчик таксилер жол кире баасын 10 сомдон  15 сомго көтөрүп жиберишти. Мындай маалыматты Нарын шаардык мэриясы билдирди.


Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери жеке менчик такси ээлери менен жолугушуп түшүндүрү иштерин жүргүзүү учурунда айдоочулар майдын кымбатташынан улам, кошумча киреше таба албай калгандыктарын билдиришүүдө.


Бүгүнкү күндө, шаардагы ички каттамдарда 12 кичи автобус, 2 троллейбус эл ташууда. 1 троллейбус айдоочусу жоктон улам убактылуу токтоп турат. Айдоочуну даярдоо өткөн жылга пландаштырылганы менен пандемиядан улам окутуу болгон эмес.


Ошол эле учурда, 4-класска чейинки окуучуларды бекер ташуу максатында Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен  каражат каралып, троллейбустар жүргүзүлүп келет.

Учурда ички каттамдарда эл ташыган коомдук унааларды көбөйтүү аракети көрүлүп  жаткандыгын белгилеп, абалды туура түшүнүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн