Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында бир нече күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы карыя табыла элек

08.07.2022 14:26
664
Нарында бир нече күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы карыя табыла элек


Нарында кийимдери суунун жээгинен табылган 80 жаштагы карыя табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, карыяны издөө бир нече күндөн бери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Бүгүн дагы издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа районунан 5 куткаруучу, Нарын шаарынан 17 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 3 суучул, жалпы 25 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 29-июнда Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.Издөө учурунда аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн