Нарында браконьер алты тоо эчкинин эти менен кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-октябрда түнкү саат 00:50дө аталган министрликтин кызматкерлери УКМК өкүлдөрү менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Босого» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан аталган райондун Баш-Кайыңды айылынын К.А. аттуу тургуну 6 тоо текени мыйзамсыз олжолоп келе жаткан жеринен кармалды.
Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн