Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында добуш сатып алуу фактысы аныкталды

01.09.2020 19:52
1604
Нарында добуш сатып алуу фактысы аныкталды

«Фейсбук» социалдык тармагында добуш сатып алуу фактысын камтыган видео  боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 2020-жылдын 30-август күнү «Фейсбук» социалдык тармагында добуш сатып алуу боюнча видео сүйлөшүү тараган.  


"Бул окуя боюнча Нарын РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө видеодогу кызыл футболкачан белгисиз адамдын өздүгүн такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган  М.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон. Аталган видеодо жаран М.А.,  У.Б.  аттуу адамга добуш берүү боюнча сүйлөшүп, шайлоого добуш берүү жолдорун түшүндүрүп берип, 300 (үч жүз) кишиден кем эмес добуш салып бергиле деп суранып жаткандыгы чагылдырылган", - деп айтылат маалыматта. 


Мындан сырткары жогоруда көрсөтүлгөн видеодогу чогулган күбө адамдардын өздүктөрү такталып, аларды сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, түшүнүктөрү алынган. 


Жогорудагы факты боюнча 2020-жылдын 30-августунда  Нарын РИИБде  Жазык кодексинин 192-беренесинин (добуштарды сатып алуу) 2-бөлүгү менен  кылмыштардын жана жоруктардын бирдкт реестрине катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда  тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мирбек
Ооба 2форма менен да сатып алып жатышат Эл озубуз ит экенбиз анан отуруп калабыз