Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Нарында эл аралык "Кыргыз шырдагы Xll" фестивалы өтөт

23.06.2022 09:00
771
Нарында эл аралык "Кыргыз шырдагы Xll" фестивалы өтөт


Нарын шаарында 28-29-июнь күндөрү эл аралык "Кыргыз шырдагы Xll" фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүз берилишин жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү. Мындан сырткары, Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу каралган.

Фестивалдын алкагында "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары, кыргыз шырдагынын тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери өтөт. Кол өнөрчүлөрдүн "Устат-шакирт" мектебинин чебер-класстары жана концерттик программалар да пландалган.

Маданий иш-чара 28-июнь күнү саат 10.00дө Нарын шаарындагы "Алма-Бак" сейил багында башталат.

Фестивалга эл аралык маанидеги кадырлуу коноктор, республиканын бардык аймактарынан 300дөн ашык кол өнөрчүлөр келип катышары күтүлүүдө. Өкүлчүлүк Нарын облусунун жалпы тургундарын жана меймандарын улуттук нарк-насилин даңазалаган маданий иш-чарага катышууга жана күбө болууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн