Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында сөөк коюу зыйнатына туугандары гана катышып, бодо мал союлган жок

02.04.2020 15:11
1873
Нарында сөөк коюу зыйнатына туугандары гана катышып, бодо мал союлган жок


Нарын облусунунда сөөк коюу зыйнаты аз сандагы жакын туугандарынын катышуусунда гана өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында учурдагы кырдаалга карата  сөөк коюу зыйнаты аз сандагы жакын туугандарынын катышуусунда гана өткөн. Маркумдун жаназасы кайтыш болгон күнү окулуп, жерге берилген. Ошондей эле бодо мал союп жана боз үй тикпеген.


“Азыркы болуп жаткан кырдаалды эл түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Кыргызстанда катталып жаткан коронавирус ылаңына карата Нарын казыятынын тапшырмасына ылайык, имамдар айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкандыгын, жаназа жакын туугандарынын гана катышуусунда өтүүсү керек экендигин эскертип айтып жатабыз. Учурдан пайдаланып жалпы элге жана түшүндүрүү  иштерини жүргүзүп жаткан жергиликтүү администрацияга жана Жаңы-Талап айылынын имамына ыраазычылык билдирип кетмекчибиз”, - деген райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев.


Маалыматка таянсак, мындай тапшырмалар бардык айылдардын мечиттеринин имамдарына тапшырылганын, коронавирусту алдын алуу боюнча дагы түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн