Нарын облусунун Жан-Булак айылынын башчысы токмоктолуп, ооруканага түшкөн.
Жабырлануучунун апасы блогер Эртай Искаковго уулун айыл өкмөт башчысы, анын иниси жана жергиликтүү кеңештин төрагасы Бишкектеги батирлердин биринде катуу сабап, экинчи кабаттан ыргытып жиберишкенин айтып берген.
"Уулумду өлтүрөлү деп ыргытышкан. Өтүп бараткандар байкап, тез жардам чакырган экен. Болбосо, балам өлмөк. Тигил үчөө болсо боштондукта жүрүшөт. Тез жардам чакырып койгонго да жарашкан эмес", — деген ал.
Биринчи май РИИБи 36 жаштагы айыл башчы Т.А. арыз жазып, Б.У., А.С. жана М. аттуу адамдардын үстүнөн даттанып, алар аны токмоктоп, андан кийин 2-кабаттан ыргытып жиберишкенин билдирген.
"Окуяга тиешелүү делген жарандар суракка алынып, алар көрсөтмөлөрүндө жабырлануучу өзү терезеден секирип кеткенин айтышкан", — деп жазылган Биринчи май РИИБинин маалыматында.
Учурда окуя болгон жерден видеожаздыруулар алынып, экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн