Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип чыгарып кеткенин айтып берди

16.12.2020 09:34
1701
Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип чыгарып кеткенин айтып берди


Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев "Хабар" телеканалына берген маегинде эки качкын президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кандайча жардам бергендиги жөнүндө айтып берди.


«Мен Аскар Акаевди  Бишкектен Таразга тик учак менен жеткирдим. Кырдаал оор болчу, алар ошол жерде ок чыгарышса болмок, бирок тирешип калбаш үчүн мен аны алып чыктым”, - деди Назарбаев.


«Андан кийин да ошол эле окуя. Бакиев Ошто отуруп, тарапташтарын чогултуп, аларды куралдандырып, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр турган. Мен: “Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Эмне үчүн? Кан төгөсүңбү? Сен дагы президент болгуң келеби? Андан кийин кантип иштейсиң?”,- дедим.


Назарбаевдин айтымында, андан кийин ал Роза Отунбаевага телефон чалган.

"Ал бир нерсе кылыңыз, Курманбекти тынчтандырыңыз" деди. Мен Курманбекке телефон чалып: “Сени ал жерден алып кетейин, Оштон. Андан кийин сүйлөшөсүң, жакын жердесиң деп аны араң көндүрдүм", - деди Назарбаев.


"Казакстандын мурунку президенти ал учурда Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын өтүп жаткандыгын айтты. Биз ал жерде болгонбуз. Россиянын Президенти Медведев болгон. Обама бар болчу. Үчөөбүз туруп шыбырап турган сүрөт бар. Бул жөн гана Кыргызстан жөнүндө болгон, жарандык согуш башталат. Бакиев куралдуу отряддар менен Бишкекти көздөй аттангысы келет, бир нерсе жасаш керек. Мен алып чыксам орус ракеталары мени коргоп турсун дедим. Адилбек Жаксыбеков ал кезде Коргоо министри болгон, мен ага тапшырма берип, Курманбекти алып келүүсүн тапшрдым. Ал барып учак менен Курманбекти жакындары менен алып келди. Сени алып келбесек мындан да көп кан төгүлмөк. Муну эсиңден чыгарба дедим",- деди Назарбаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн