Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Назира Айтбекова: Мамлекет азыр ордун бекемдөө менен гана алек

04.03.2021 09:01
743
Назира Айтбекова: Мамлекет азыр ордун бекемдөө менен гана алек


Учурда азык-түлүк кымбаттап кеткенин билип жатабыз, баалар асмандын башы болууда, деп билдирди теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип.


Анын айтымында, азык-түлүк кымбаттаган сайын кафе-ресторандардын баасы да өсүп жатат.


“Бензинди мурда кайсы бир белгилүү суммада куя турган болсок, азыр ал дагы эки эсе кымбаттап жатканын байкоого болот. Биз азыр эки эсе иштегенге туура келип жатат. Айлыгы аз же жумушсуз адамдар кантип жатат? Бул чоң көйгөй. Барган сайын Кыргызстандын абалы өтө начар экенин баамдоого мүмкүн. Кыштан го аман-эсен чыктык. Эл жер тырмап, өз арабасын өзү тартат. Ал эми мамлекет тилекке каршы, саясат менен, ордун бекемдөө менен алек, эл менен алек болгон киши жок”, - деп айтты Айтбекова.

Тема боюнча: Кымбатчылык жашооңузга таасир этип жатабы?


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн