Буга чейин Казарман шаарында таенеси тарабынан кордук көргөн кыздын видеосу тараган. Тасмадагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызга кол көтөрүп тепкилеген аял “Супер кг” сайтына пикирин билдирген.
“Кызды 3 жашымдан бери багып келе жатам. Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каяка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам жок дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым. Эмне деген кордукту көрдүм.
Төрөлгөндө эки буту баспай төрөлгөн. Өмүр жашын Кудайдан сурап жүрүп бактым, булардын кир-коогун жууганым канча. Кыздын агасы милицияга арыз жазыптыр. Милицияга барып кеч келдим. Эртең дагы барам. Биз неберебизди урганыбыз жок. Ошол окуяда агасынын көзүнчө эмне кетем дейсиң деп эле чапкам. Аны чапкан эмесмин дебейм. Шаарга барса, батирге жашаса, эртең эле аны түртүп чыгарып коюшат. Ошол үчүн бербейм деп жатам. Ушундай азап менен баксам, эми көргөн кордугум бул", - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн