Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Неймар Сауд Арабиянын "Аль-Хилал" клубуна өттү

16.08.2023 12:14
1117
Неймар Сауд Арабиянын "Аль-Хилал" клубуна өттү


"Пари Сен-Жермендин" чабуулчу жарым коргоочусу Неймар Сауд Аравиянын "Аль-Хилал" клубуна өттү.


Араб жарым аралынын клубу расмий түрдө 31 жаштагы оюнчунун туруктуу негизде трансферин жарыялады.


Маалым болгондой, париждиктердин жарым коргоочусу "Аль-Хилал" менен 2025-жылга чейин келишим түзгөн.


Франциялык L'Équipe гезитинин маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында жарым коргоочу 160 миллион еврого жакын киреше таба алат. Булактын айтымында, ПСЖ Неймарды сатуудан 120 миллион еврого жакын киреше табат, бул клуб үчүн рекорддук трансфер келишими.


Лига 1дин акыркы сезонунда бразилиялык легионер кызыл-көктөрдүн курамында 20 беттеш өткөрүп, 13 гол киргизип, бул аралыкта 11 так пас берген.


Сауд Аравиянын чемпионатынын жаңы сезонунда Криштиану Роналду, Нголо Канте, Марко Верратти, Карим Бензема, Садио Мане, Рияд Махрез, Роберто Фирмино, Джордан Хенденсон жана башкалар ойнойт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн