Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Никол Пашинян ЖККУнун жыйынындагы декларацияга кол коюудан баш тартты

24.11.2022 10:10
513
Никол Пашинян ЖККУнун жыйынындагы декларацияга кол коюудан баш тартты

23-ноябрда Ереван шаарында өткөн  ЖККУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян   кол коюдан баш тартты.


Армения башчысы уюмдан аскердик жардам сурабаса да, Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерине саясий баа берүүгө чакырды.

 

"Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө" декларация жетишээрлик түрдө иштелип чыккан эмес. Мен кол коюуга даяр эмесмин", — деди Пашинян.


Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, "бир пикирге келе албаса дагы Армения ЖККУда кала берерин" айтты. 


"Бул Армениянын пикири. Кандай болгон күндө дагы азыркы кыйын учурда мындай талкуу керектиги, ЖККУнун актуалдуулугу тастыкталды. Кызыкчылыгы бар бардык тараптар Армения менен Азербайжанга тынчтыкка жетүүгө жардам бериши керек", — деди Песков. 


Булак: "Спутник Кыргызстан"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн