Арменияда бүгүн Улуттук Ассамблеянын кезексиз сессиясы өтүп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн премьер-министрин шайлоо талкууланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Парламенттеги "Менин кадамым" парламенттик фракциясы парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жол-жобосун баштоо үчүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Никол Пашинянды премьер-министрдин кызмат ордуна көрсөттү.
25-апрелде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти. Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнда өтөрүн жарыялады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн