Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ниязов жана Сагымбаев эмне үчүн сотко алынып келбегенин жактоочу түшүндүрдү

04.12.2020 17:36
596
Ниязов жана Сагымбаев эмне үчүн сотко алынып келбегенин жактоочу түшүндүрдү

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси караларын жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазганы маалымдалган.


Бул боюнча Замир Жоошевге байнышканыбызда аталган маселе боюнча белгиленген соттук отурум айыпталуучулардын алынып келинбегендигине байланыштуу өтпөй калганын айтты.


"Бүгүн Фарид Ниязов жана Канат Сагымбаевге карата прокуратура сотко өтүнүч киргизди. Ал өтүнүчтү кароо үчүн саат 15:00гө сот процесси дайындалган. Бирок отурум өтпөй калды. Себеби Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев СИЗОдон алынып келинген жок. Тергөөчү сотко берген актыга ылайык, айыпталуучулар СOVID-19га байланышкан абалдан улам сотко алынып келген эмес. Биз бул нерсени жөн гана шылтоо деп эсептейбиз. Мисалы, ошол эле иштин алкагында шектелип жаткан Темирлан Султанбеков, Курсан Асановдор буга чейин сотко алынып келинип, ошол жерден үй камагына чыгарылган. Сот Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин эртең алынып келинишин милдеттендирди. Мисалга алсак, эки күн мурун Кой-Таш окуясы боюнча Ниязовду да, Сагымбаевди да ошол эле СИЗОдон алып келишкен" , - дейт жактоочу.


Буга чейин Фарид Ниязов, Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранып жатканы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн