Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ноокат райондук соту мал уурулук үчүн кармалган кылмыштуу топту үй камагына чыгарды

05.09.2020 12:20
1833
Ноокат райондук соту мал уурулук үчүн кармалган кылмыштуу топту үй камагына чыгарды


Ноокат районунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топту райондук сот үй камагына чыгарып жиберди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 2-сентябь күнү көк түстөгү «Хундай портер» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар  мал уурдап бара жатышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөндүктөн Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматы (КМК) жана Ноокат РИИБдин КМКнын кызматкерлери менен биргеликте Жазык Кодексинин 200-беренеси боюнча кылмыштын курамы болгондугуна байланыштуу, маалыматты Ноокат РИИБдин КЖБРне каттап, ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү болушуп мал уурулук кылмыштары менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалган.


Тактап айтканда алар - Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган А.М., 1998-жылы туулган К.Ш. жана А.Б, аттуу тургундар кармалган. Алардын көрсөтмөсүндө автоунаага жүктөп бара жатышкан 3 баш малды Ноокат районунун жашоочусу Н.Исанов айыл аймагына караштуу жайыттан уурдап бара жатышкандыгы боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде уурдалган малдын ээлерин тактоо ишери жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир баш малдын ээси Н.Исанов  айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну 1971-жылы туулган А.К.га таандык экендиги такталган.


"Шектүүлөр Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармочу жайына киргизилип, тергөө амалдары башталып бул кылмыштуу топтун башка да кылмыштары боюнча териштирүү иштери аяктай электе 2020-жылдын 4-сентябрь күнү баш коргоо чарасы каралып, Ноокат райондук соту тарабынан кылмышка шектүүлөр үй камагына коё берилген.  Көпчүлүк учурда кылмышка шектүүлөрдүн үй камагына чыгарылып кеткендигинен улам толук кандуу териштирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жарандардын арыз-даттануулары толук канаттандырылбай калган учурлар пайда болуп калууда", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн