Ош облусунун Ноокат районунда 18 жаштагы жигит каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бел-Кайрагач айыл аймагынын Найман каналына 2002-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №71 ӨКБдан 9 куткаруучу, Суу Чарба башкармалыгынан, жергиликтүү тургундардан, ИИМден кызматкерлери тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн