Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ноокатта 30 гектардан ашык айыл чарба жерин турак үй куруу үчүн сатып жиберген жарандар кармалды

09.06.2022 15:32
727
Ноокатта 30 гектардан ашык айыл чарба жерин турак үй куруу үчүн сатып жиберген жарандар кармалды

Ноокатта айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.


Аталган кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан 4-июнда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т. жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.А. Кылмыш-жаза кодексинин Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде айып коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 30-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.


Учурда жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн