Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокатта УКМК кызматкерлери үчүн салынган жаңы имараттын ачылыш аземине Камчыбек Ташиев катышты (фото)

04.09.2022 06:42
686
Ноокатта УКМК кызматкерлери үчүн салынган жаңы имараттын ачылыш аземине Камчыбек Ташиев катышты (фото)

УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду.


УКМКдан кабарлашкандай, ведомствонун аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери уланууда.


3-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.


Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты.


Камчыбек Ташиев жаңы имаратты толугу менен көрүп чыгып, өздүк курамды куттуктоо менен бирге тийиштүү кызматтык талаптарды эскертип өттү.


Алдыда дагы УКМКнын региондордогу башкармалыктарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу иштери улантылаары белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн