Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:42
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ноокаттын тургуну президент менен жолугушууда депутат Шайырбек Ташиевге жалаа жапкан

21.06.2024 14:44
194
Ноокаттын тургуну президент менен жолугушууда депутат Шайырбек Ташиевге жалаа жапкан


Ноокаттын тургуну президент менен жолугушууда депутат Шайырбек Ташиевге жалаа жапкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуусунда 1966-жылы туулган Ноокат районунун жашоочусу Зебиниса Асанова Абшыр-Ата эс алуу аймагынын үстүндө алтын кени бар экенин, аны Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин жетекчилиги астында мыйзамсыз иштетүү башталганын айтып, бул маселе боюнча чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча өлкө президентинин тапшырмасы боюнча УКМК органдары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

Учурда Ноокат районунун аймагында көмүр, чопо, сланец таштары, гипс жана башка пайдалуу кендер иштетилип жатат. Облус аймагында Араван району менен чектеш Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан, Абшыр-Ата аймагынан алыс жайгашкан Турук кенинен башка (иштетилбеген, натыйжалуулугу төмөн) алтын кени жок.

Сурамжылоо учурунда КР жараны З.Б.Асанова айткан, Ш.Ташиев башкарып, иштетип жаткан алтын кени тууралуу маалымат такталбаган жана ушак-айыңдардын деңгээлинде экендиги аныкталган. Анткени ал бул маалыматты кимден укканын так кесе айта алган эмес.

Аталган жаранга текшерилбеген фактыларды айтуу менен, өзгөчө мамлекет башчынын алдында башка бирөөгө жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн жоопкерчиликтүү экени айтылды.

З.Асанова күнөөсүн мойнуна алып, такталбаган жана жалган маалымат менен өлкө президентин адаштыргандыгын белгилеп, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынан ага карата акаарат келтиргендиги жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн эл алдында кечирим сураган.

УКМК Конституцияда жана эл аралык келишимдерде кепилденген укуктарга жана эркиндиктерге ээ болгон ар бир адам, ошол эле учурда башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлаган же кемсинткен аракеттерди жасабашы керектигин эскертет. Ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыздар коюлганда, атайылап жалган маалыматтарды тараткан экинчи тарап кылган аракеттери үчүн материалдык жана моралдык жоопкерчилик тартат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн