Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ноокенде жигиттердин эс алуусу өлүм менен аяктады

19.10.2020 16:18
514
Ноокенде жигиттердин эс алуусу өлүм менен аяктады


Ноокен районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда,  15-октябрга караган түнү саат 01:45 чамасында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Н.С. учтуу нерседен жараат алып, анын жансыз денесин райондук ооруканага алып келишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, прокуратура кызматкерлери чыгышып, кароо жүргүзүлүп, кара түстөгү бычак далил буюм катарында алынган.


Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Ноокен РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишинин изи суутпай ачылып, шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1993-жылы туулган С.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынган.


Тергөөнүн жүрүшүндө 15-октябрга караган түнү Ноокен районунун тургундары 1993-жылы туулган С.Ш., 1994-жылы туулган Н.С. жана башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгышып, спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. С.Ш. менен Н.С. экөө ойноп күрөшүп жатышып урушуп кетишкендиктен С.Ш. ошол жердеги азык-түлүк туураган бычакты эч кимге билгизбей алып, Н.С.нын арткы тарабына бир жолу сайып жиберген. Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. окуя болгон жерден ооруканага жетпей каза болгондугу такталган. 


Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн