Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Норильскидеги кырсык Арктикага коркунуч туудурабы?

06.06.2020 17:44
787
Норильскидеги кырсык Арктикага коркунуч туудурабы?


Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары Норильскидеги техногендик кырсыктын коркунучу зор деп эсептешет. Канадалык BNN Bloomberg телеканалынын сайтында “Россияда төгүлгөн дизелдик майдын эбегейсиз көлөмү Арктиканын келечегин элестетүүгө мажбур кылат” деген аталыштагы макала жарыяланды.


Анда арктикалык аймакта түбөлүк тоңдун ээрий башташы резервуарды жарактан чыгарып, отундун төгүлүүсүнө себепчи болгон, натыйжада ансыз деле жашоонун катаал шарттарынан жана экономикалык окчундуктан улам калкы азая баштаган аймактын инфраструктурасы бузулууда деп айтылат.


Басылма Потсдамдагы Альфред Вегенер институтунун түбөлук тоңдорду изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Гвидо Гроссенин “аймакты төгүлгөн дизелдик отундан тазалоо оңой болбойт, кырсык бул аймактагы түбөлүк тоң катмарына узак мөөнөттүү келечекте зыянын тийгизет” деп айткан сөзүн да мисал келтирген.




Эске салсак, Норильскиде ТЭЦ-3кө тиешелүү 30 миң кубометр дизель майы сакталган резервуар өрттөн улам жарылып, 21 миң кубометрге жакын суюк отун жерге, басымдуу бөлүгү Амбарная дарыясына куюлуп кеткен. Президент Владимир Путиндин макулдугу менен Норильскиде федералдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган деп айтылат REGNUMдун маалыматтарында.


“Норникелдин” кожоюну Владимр Потанин кырсыктын кесепеттери компаниянын эсебинен гана жоюла тургандыгын президент Владимир Путинге билдирип, аймактын экологиясын калыбына келтирүүнү 10 миллиарддан ашык рублга баалаган. Айтымында экосистема өз калыбына келет.


Учурда кырсыкка байланыштуу жердин булганышы боюнча териштирүү иштери улантылууда, Норильск ТЭЦинин цех начальниги Вячеслав Старостин 31-июлга чейин камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн