Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Новиков: Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарат

19.12.2020 18:38
803
Новиков: Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо тууралуу» кеңешме өткөрдү.

«Бүгүнкү күндө Өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык чараларды кабыл алуусу зарыл», - деп билдирди Артем Новиков.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, Өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдетенмелери аткарылат.

Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карай пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн