Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев менен биргеликте Кут конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Биринчи Май райондук акимиатынан билдирди.
Жолугушуу жүрүшүндө Новопавловка айылынын 100 гектар аймагын Бишкек шаарынын курамына киргизүү сунушталды.
Жергиликтүү тургундар акимдерге аймакка милиция участогун ачууну жана жергиликтүү конуштардан жашагандыгы тууралуу маалымкаттарды берүүнү суранды.
Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда карала турган болду.
Пикирлер (2)