Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 02:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Новопавловка айылында суу чыгарып, электр энергиясын киргизип берем деп адамдарды алдап жүргөн жаран кармалды

20.01.2022 15:50
721
Новопавловка айылында суу чыгарып, электр энергиясын киргизип берем деп адамдарды алдап жүргөн жаран кармалды

Сокулукта районунда жашоочулардан акча чогултуп, берген убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын август айында Сокулук РИИБине Новпавловка айылынын 32 жаштагы жашоочусу Ш.М. арыз менен кайрылып, чала тааныш эки жаран 2018-жылы Новопавловка айылындагы жаңы конуштардын биринин жашоочуларына суу жана электр энергиясын киргизүүнү убада кылып, 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын чогултуп, айткан убадаларын аткарбай из жашырып кетишкенин билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, С.Д. аттуу жаран кармалган.


Кармалган жарандын үстүнөн дагы 35тен ашуун факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Тергөө иштери улантылууда.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн