Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нур-Султанда эртең, 23-июнда балдар бакчалары жабылат

22.06.2020 19:48
838
Нур-Султанда эртең, 23-июнда балдар бакчалары жабылат


Казакстандын баш калаасы Нур-Султандын башкы санитардык врачы Жанна Пралиеванын чечими боюнча 23-июндан тарта бардык балдар бакчалары иштөөсүн белгисиз мөөнөткө токтотот деп маалымады Tengrinews.kz.


Буга чейин балдар бакчалары саны 15тен ашпаган дежурдук топтор ыкмасында иштеп жаткан. Тарбиялануучулар арасында коронавирус аныкталган учурларга байланыштуу балдар бакчаларынын ишмердигин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эгерде балдарды калтырууга эч ким табылбаса, ата-энелердин бирине аралыктан иштөөгө уруксат берилет.


Балдар бакчаларынын ачылышы шаардагы эпидемиялык кырдаалга жараша болот. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн