Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нурбек Алимбеков Баткен облусуна жардам көрсөттү (видео)

11.05.2021 15:47
1106
Нурбек Алимбеков Баткен облусуна жардам көрсөттү (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков кыргыз-тажик чек арасындагы жабыркаган үй-бүлөлөрдөн жана аталган аймакта кызмат өтөп жаткан чек арачылар менен жолугуп, аларга өз жардамдарын берди.


"Баткен облусунун чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу “Нурзаман” курулуш компаниясы биринчи күнү эле кайдыгер карабай Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайы эсебине 1 000 000 сом, андан сырткары жергиликтүү үйү өрттөлүп жабыркаган 42 үй-булөгө, чек ара заставаларына, андан сырткары “Бөрү” жана “Шер” атайын даярдыктагы бөлүктөрүнө 2 000 000 сом акчалай түрүндө бөлүнүп берилди.

Башына кыйынчылык түшүп турган Баткендин баатыр, эр жүрөк элине ийилип таазим этип, дайыма тынчтык болуусун, эки эл арасында ынтымак орношун тилеп кетебиз", - деди эл өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн