Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нурбек Алимбеков аны шайлоого аралашып жатат деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

18.02.2022 13:06
634
Нурбек Алимбеков аны шайлоого аралашып жатат деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков ага карата айтылып жаткан сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу Нурбек Алимбеков билдирди.


Анын айтымында, айрым адамдар эч кандай негизсиз ага карата жалаа жаап жатат.


"Урматтуу достор! Өзүңүздөр билгендей мен көптөн бери саясат айдыңында жүргөн кишимин. Ошого жараша адамдардын жеке пикирин ар дайым угуп жүрүүгө көнүп калгам десем болот. Жана да муну мен, эл өкүлү, элдин үнү болгондугубуз үчүн бизге карата айтылган ар түрлүү пикирлерге кулак салып, угуп турушубуз керек деп түшүнөм. Бирок, ошол эле учурда, этикалык эрежелерден аша чаап, адамдын жекелигине асылып, ачык эле каралоого аракет кылгандар да жок эмес. Мындай жосунду мисалы, Урматбек Акунов деген адам жасап жаткан учуру. Анын айтуусу боюнча мен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан кайсы бир талапкерге жардам берип жаткан экенмин. Бул маалыматтардын эч бир чындыкка коошпойт экенин ишеничтүү түрдө айта аламын жана мунун кесепетинен укук коргоо органдарына  кайрылууга мажбурмун. 


Белгилей кете турган болсом, мен азыркы тапта өзүмдүн депутаттык ишмердүүлүгүм менен кызуу алектенүүдөмүн жана бар күчүмдү, убактымды Төлөйкан шайлоо округунун тургундарынын маселелерин чечип берүүгө жумшоодомун",- деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн